Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Түндүк-Түштүк автожолундагы ири тоннелдин курулушу аяктоодо


Көк-Арт ашуусундагы тоннель.
Көк-Арт ашуусундагы тоннель.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү тоннелдин 2991-метринде курулуш иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн 19-декабрда жолдун курулушу менен таанышкан президент Садыр Жапаровго маалымдалганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандагы ири тоннелдерден боло турган бул объектте иштер эки тарабында тең жүрүп жатканы, жалпы узундугу 3800 метр экени, анын 3619 метри тешилип бүткөнү айтылды. Тоннелдин туурасы 10 метр жана бийиктиги 8,5 метр болору пландалууда.

Президент Жапаров тоннелди жана стратегиялык Түндүк-Түштүк автожолун куруу боюнча бардык иштер сапаттуу жүргүзүлүп, өз убагында бүтүрүлүшү керектигин айтты. Курулуш бардык заманбап стандарттарга жана эл аралык талаптарга жооп бериши зарыл экени белгиленди.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун жалпы узундугу 433 чакырым. Анын курулушунуна насыяны Кытай берген.

Садыр Жапаров Жалал-Абадга эки күндүк иш сапар менен кечээ 18-декабрда барган. Ал бир катар ишкана-мекемелерди кыдырып, эл менен жолугууда.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG