Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Басма сөз: Кыргызстан качкындарга көмөктөшүүгө көңүлдөнбөйт


Кыргызстанга 1996-жылы келген оогандык качкындар АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдында. 19-август, 2021-жыл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 13-19-декабрь, 2021-жыл.

Al Jazeera 15-декабрдагы макаласын Кыргызстандагы ооган качкындарынын арсар абалына арнаган. Авторлор Айгерим Тургунбаева менен Агнешка Пикулицка Ооганстан менен чектешпеген, соода байланыштары анча өнүкпөгөн өлкө баш паанек издеген оогандар үчүн популярдуу багыт эместигин жазышат. Бирок Тажикстан менен Өзбекстанга жакындыгы жана англис тилиндеги окуу жайлары айрым оогандардын Кыргызстанга келишин шарттайт. Авторлор Мамлекеттик миграция кызматына таянып жазышкандай, быйыл августта Кыргызстанда 73 оогандык качкын каттоодо турчу. Бирок Кабул өкмөтү кулагандан кийин канча оогандык келгени жана канчасы башкалка сураганы белгисиз. 2001-жылы АКШ аскерлери Ооганстанга киргенде бир жарым миңдей оогандык бозгун Кыргызстанда башпааналаган. 2012-жылы 2 миңдей ооган түрдүү виза менен жашап келген, алардын 800дөйү БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарлыгы тарабынан каттоого алынган.

Макалада кээ бир оогандар Кыргызстанга кантип келип калганы, андан аркы пландары тууралуу да баяндалган. Алсак, Бишкектеги ЕККУ академиясын бүтүргөн 31 жаштагы Фатима дал 15-августта Кабулга учуп кетмек. Талибдер бийликти алгандан кийин ал кыргызстандык мугалиминин жардамы менен БУУнун комиссарлыгына арыз тапшырган экен. Ушу тапта Борбор Азиядагы Америка университетинде мастердик программа боюнча билим алып жаткан Фатима азырынча Бишкекте калууну көздөйт.

Али деген хазар жигит октябрда Пакистанга качып, кийин Кыргызстанга келген. Бирок виза маселелеринен улам, аялы менен жаш баласы ал жакта калды. Ал Кыргызстанды тандабаганын, бул сыртка чыгуунун жалгыз мүмкүнчүлүгү болгонун, Европага бет алууну көздөгөнүн, планы ишке ашпаса, кыргыз жергесинде каларын айтып берген.

Журналисттер экономикалык кыйын абалды эске салуу менен Кыргызстан ооган качкындарына жардам берүүгө анча дилгир эмес деген пикири менен бөлүшөт.

Макалада “Прецедент” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Ильяна Жедигеровага шилтеме берүү менен “Мамлекет материалдык жардам бербейт, бирок БУУнун комиссарлыгы тарабынан расмий таанылган категориядагы башкалка сураган адамдар медициналык тейлөөгө жана орто билим алууга укуктуу” деп айтылат.

Андан ары расмий Бишкек 500 студентке виза берерине жана Ооганстандагы кыргыздарды көчүрүп келерине убада кылганы, бирок саясий бейстабилдүүлүктү эске алуу менен Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле качкындар маселесинде коопсуздукка басым жасары айтылат.

АКШнын Финансы министрлигинин алдындагы Валюталык көзөмөл башкармалыгынын жетекчилигине көргөзүлүп, бирок сенаттагы угууларда катуу сынга кабылган теги казакстандык Сауле Омарова талапкерлигин алып салгандан кийин биринчи жолу Улуттук коомдук радиого (NPR) маек курду. Корнелл университетинини профессору Омарова айрым республикачыл мыйзам чыгаруучулардын адилетсиз чабуулуна туш болгонун айтты. Сенаторлордун кээ бирлери аны “коммунисттик көз караштасың" деп сындашкан. Омарова андай чабуулдарга даяр эмес болгонун айтып берди. Мындай чабуулдардын артында банктар турат деп эсептерин белгиледи.

Макалада айтылгандай, Омарова АКШнын финансы системасын реформалоону сунуш кылып, банктардын кызыл кулактыгын тизгиндеп турууну жактап келген. Америкалык банктар ассоциациясы жана Банктардын көз карандысыз жамааты профессордун илимий ишин сындашканы менен керт башына тийишкен эмес. Бирок Омарова банктардын каршылыгы сенаттагы угуулар маалындагы чабуулдарга жем таштаган деп ойлойт.

Талапкердин СССРде өсүп, Москвадагы мамлекеттик университетте билим алганы, Ленин атындагы стипендия алганы кызуу талкууланган.

Маекте жалпы оппоненттери тууралуу сөз кылган Омарова “алар мени жеңүү үчүн жеке мага каршы саясатташкан терс реакцияны пайда кылуу эң жакшы жол деген стратегияны тандап алышкан.

"Башкача айтканда, мени желмогуз кылып көргөзүүнү көздөшкөн, карикатурадагыдай шайтан, балким эбак эле жок болгон СССРдин тыңчысы катары сүрөттөгүлөрү келди”,- деген Омарова бул стратегия жемишин бергенин кошумчалаган.

Le Monde гезити Марокконун кассациялык соту кытайлык уйгурдун экстрадициясына уруксат берген чечим чыгарганын маалымдады. 34 жаштагы киши өткөн июлда Түркиядан Касабланкага учуп барган жеринен аэропортто кармалган. Бээжин ага “террордук аракеттер” үчүн деген жүйө менен издөө салган. Бул тууралуу басылмага анын адвокаты Милуд Кандил билдирип, чечим кандай негизде кабыл алынганынан кабары жоктугун кошумчалады.

Гезит жазгандай, үч баланын атасы Кытайда "террордук уюмга мүчө болгон, 2017-жылкы терактты ишке ашырган" деп күнөөлөнүп жатат. Кесиби боюнча IT адиси 2012-жылдан бери үй-бүлөсү менен Түркияда отурукташкан. Ал өзү жана адвокаты айыптарды четке кагууда.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму июлда Мароккодо кармалган уйгур киши Кытайга күч менен өткөрүлсө, негизсиз абакка отургузулуп, кыйноолорго туш болушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.

Франциялык басылма андан ары уйгурлардын жана башка мусулман азчылык өкүлдөрүнүн Шинжаңдагы тагдырына, азап чегүүсүнө токтолуп, Кытай бийлиги укук коргоочулардын сынына кабылганын, бул маселе Батыш менен Бээжиндин тирешин күчөтүп жатканын баяндаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG