Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

20-декабрдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

20-декабрда Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8…13;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;

Бийик тоолордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 11…13 градус.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG