Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Кабулда жүздөгөн адам банктагы акчасын камактан чыгарууну талап кылды


Кабулда нааразылык акциясына чыккандар. 1-декабрь, 2021-жыл.
Кабулда нааразылык акциясына чыккандар. 1-декабрь, 2021-жыл.

Кабулда жүздөгөн оогандар жүрүшкө чыгып, банктагы миллиарддаган долларды камактан чыгарууну талап кылышты. Эл аралык коомчулук бийликти басып алган талибдерден адам укуктарын сактоону талап кылып, банктагы акчаны камакка алган.

«Биздин камактагы акчабызды кайтаргыла» деген ураан чакырган демонстранттар борбордук көчөлөр менен жүрүп отуруп, АКШнын Кабулдагы элчилигинин алдына топтолушту. Алардын коопсуздугуна талибдер көз салып турушту

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) августта Ооганстанда көзөмөл орноткон соң, эл аралык коомчулук алардын бийлигин тааныбай, жаңы өкмөт куроого жана адам укуктарын сактоого чакырган. Бир катар мамлекеттер өз жардамдарын токтотуп, ал эми чет жактагы Ооганстандын борбордук банкынын резервдери камакка алынган.

Талибдер буга чейин мыйзамсыз каршылык акцияларына тыюу салып, демонстрацияга чыккан аялдарды күч менен баскан. Бул жолу андай болгон жок.

Ушул ай башында Дүйнөлүк банк демөөрчүлөр эки гуманитардык агенттикке 280 миллион доллар которуу боюнча чечим кабыл алынганын билдирген.

Улуттар Уюму Ооганстанда эмдиги жылдын ортосунда калктын 90% же 39 миллион адам ачарчылыкка туш болоорун эскерткен. Талибдер бийликти алгандан кийин миңдеген жумушчулар бир нече айдан бери маяна ала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG