Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Путин Люксембургдун премьер-министри менен Орусиянын коопсуздук кепилдиктерин талкуулады


Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттель.
Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттель.

Орусиянын президенти Владимир Путин НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кепилдиги боюнча Орусиянын демилгесин Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттел менен талкуулады.

Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалды. РИА-Новости мамлекеттик агенттигинин кабарчылары, "карлик мамлекет Москванын талаптарына биринчилерден болуп кызыгып жатканын, көптөгөн батыш дипломаттары жана талдоочулары аны “ультиматум” деп эсептешкенин", - белгилешкен.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 17-ноябрда расмий сайтына АКШ жана НАТО менен макулдашыла турган "коопсуздук кепилдиги жөнүндө" келишимдин вариантын жарыялаган.

Анда Орусия АКШга сунуш кылган келишимдин долбоорунда "Кошмо Штаттар НАТОнун чыгыш тарапты көздөй кеңейишин токтотуу милдеттенмесин алышы керек. Постсоветтик мамлекеттерди альянска кошпойт жана алардын аймактарында аскердик база ачпайт, алар менен эки тараптуу аскердик кызматташууга барбайт" деп жазылган.

Орусия 20-декабрда АКШга сунуш кылган келишимдин долбоорунда "Кошмо Штаттар НАТОнун чыгыш тарапты көздөй кеңейишин токтотуу милдеттенмесин алышы керек. Постсоветтик мамлекеттерди альянска кошпойт жана алардын аймактарында аскердик база ачпайт, алар менен эки тараптуу аскердик кызматташууга барбайт" деп жазылган.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бейшемби күнү бул сунуштарды четке каккан. Ал Украинаны НАТОго кабыл алуу маселесин Украинанын өзү жана НАТОго мүчө 30 өлкө гана чечерин билдирген.

Люксембургдун премьер-министринин реакциясы жөнүндө айтылган жок. Люксембург НАТОдогу эң компакттуу армия, анын саны миң кишиге жетпейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG