Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Талибдер дарыгерлерге жалгыз келген аялдарды кабыл алууга тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын Газни провинциясында "Талибандын" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) бийлиги дарыгерлерге эркектин коштоосу жок барган аялдарга медициналык жардам көрсөтүүгө тыюу салды.

Бул тууралуу Etilaatroz басылмасы Саламаттык сактоо министрлигиндеги булакка таянып билдирди.

Буга чейин аялдар ооруканаларга туугандарынын коштоосунда келчү. Талибдердин атайын комиссиясы эми эркектер коштоп барбаган учурду "мыйзамсыз жана адеп-ахлаксыз" деп тапты. Дарыгерлерге мындай бейтаптарга жардам көрсөтпөө жана ооруканага киргизбөө талабы коюлду.

Басылмага маалымат берген булактар, тыюу Ооганстандын башка провинцияларына да тийиштүү экенин билдиришкен. Декабрдын ортосунда аялдарга жүзүн жана дене мүчөсүнүн кайсы бир бөлүгүн ачууга тыюу салган.

Ооганстанда аялдарына кара түстөгү бурка, денесин толугу менен жапкан паранжа же көзүн гана көрсөткөн никаб кийүүгө гана уруксат берилген.

Бул "Талибандын" аялдарга байланыштуу биринчи чечими эмес. Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин 231 жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жабылып, 6400 журналист жумушсуз калды.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму менен Ооганстандын эркин журналисттер бирлиги тараткан кошмо баяндамада жумушсуз калган журналисттердин 84% аялдар экени айтылат. Өлкөнүн 34 облусунан 15инде бардык аял журналисттер иштен бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG