Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 20:34

Польшанын чек арачылары ЕБ аймагына өтүүгө аракет кылган мигранттарды кармады


Польшанын чек арачысы, декабрь 2021

Польшанын чек ара кызматы өткөн суткада Беларус-Польша чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 48 мигрант кармалганын билдирди.

"Алардын жарымы Ирактын жарандары. Алар Свислочь дарыясынын өйүзүндөгү понтон менен Польшага жетүүгө аракет кылышкан. Ошол эле учурда беларус кызматтары аларга жардам көрсөттү", - деп айтылат Польшанын чек ара кызматынын билдүүсүндө.

Польша-Беларус чек арасындагы миграциялык кризис жайында башталып, ноябрдын башында күчөгөн. Декабрга карата ал жактагы качкындардын саны азайды. Стихиялуу лагерлер жоголуп, беларус бийлиги мигранттардын бир бөлүгүн логистикалык борборго жайгаштырды. Келгендердин миңге жакыны Беларустун аймагынан чыгып, Иракка учуп кеткен.

Европа Биримдиги миграциялык кризис үчүн Беларус президенти Александр Лукашенконун режимин айыптап келет. 2-декабрда ЕБ Беларуска каршы бешинчи санциялар пакетин киргизди. Чектөөлөргө 17 физикалык жак жана 11 уюм, анын ичинде "Белавия" авиакомпаниясы жана "Белоруснефть" мамлекеттик өндүрүштүк бирикмеси дуушар болду. Ушундай эле чараларды АКШнын Каржы министрлиги да кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG