Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Студенттик спектаклдердин "Жаңы ысымдар" театр фестивалы башталды


Студенттик спектаклдердин алтынчы республикалык "Жаңы ысымдар" театр фестивалы эки күнгө созулат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги фестиваль эртең 25-декабарда Кыргыз улуттук тарых музейинде жыйынтыктала турганын кабарлашты.

Фестивалга Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинин, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, Ош мамлекеттик университетинин киноакадемиясынын Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы театрдын театр окуу жайынынын студенттери катышууда.

24-декабрда Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинин 3-курсунун студенти Гаухар Ажыгулова режиссёрлук кылган «Жаным» спектакли коюлат.

Ушул эле күнү С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын сахнасында Назым Мендебаиров жетектеген Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы окуу жайдын 3-курсунун студенттери «Гамлет» спектаклин тартуулайт.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG