Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Садыр Жапаров КМШнын саммитине катышуу үчүн Орусияга барат


КМШнын эн белгиси
КМШнын эн белгиси

Президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине катышуу үчүн 28-январда Санкт-Петербургга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Армения, Азербайжан, Беларус, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандын президенттери катышат. Ошондой эле, саммитке мейман катары Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев катышары күтүлүүдө. Бейформал саммит орус президенти Владимир Путиндин демилгеси менен өткөнү жатат.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги СССР таркаган соң эгемендүү мамлекеттердин келишимдеринин негизинде түзүлгөн бирикме.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG