Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Бишкекте аймак башчылары айлык-акыны көтөрүүнү талап кылды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкекте 20дан ашык муниципиалдык аймак башчылары (МТУ) шаардык мэриянын алдына айлык-акыны көтөрүү талабы менен нааразылык акциясына чыкты. Алардын айтымында, бул маселени бир нече жылдан бери мэрияга айтып келишсе да, шаар бийлиги көңүл бурбай келет.

Акцияга чыккандардын бири, Биринчи Май районундагы №14 аймактын башчысы Болотбек Алибековдин айтымында, шаар бюджети каралып жатканда мэрия алардын талабын эске алышы керек.

“Азыр биз ашып кетсе 5 миң сомдон айлык алабыз, үй башчылары (домком) бизден да аз айлык алышат. Бул каражат кымбатчылык заманда эмнеге жетет? Буга чейин 2-3 жолу маселе көтөрүп, бирок майнап чыккан эмес. Андан сырткары бизди жыл сайын эмес, 4-5 жылда бир шайлагандай кылса жакшы болор эле. Ушул жума ичинде шаардык бюджетти кароого биздин маселебизди кошушун талап кылып жатабыз”,-деди Алибеков.

Акцияга чыккандар үч күндөн бери шаардык кеңештин төрагасы кабыл албай жатканын да айтышты.

Бишкекте 50гө жакын конуш бар, аларды 400дөн ашык ашык муниципиалдык аймак жана үй башчылары тейлейт. Бишкек шаардык казынасынан ар бир түтүн үчүн бул кызматкерлерге 16 сомдон 18 сомго чейин төлөнөт.(KS/BkA)

XS
SM
MD
LG