Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Чек ара кызматы аткезчилерге эскертүү үчүн ок атылганын маалымдады


Кыргызстандык чек арачылар. Архивдик сүрөт. Баткен.
Кыргызстандык чек арачылар. Архивдик сүрөт. Баткен.

24-26-декабрда Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасынан аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылган бир нече учурлар катталды. Чек ара кызматы алардын биринде буйрукка баш ийбеген айдоочуну токтотуу үчүн үч ирет эскертүү иретинде асманга ок атууга мажбур болушканын 27-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жүктөрдүн болжолдуу суммасы 1 жарым миллион сомдун тегерегинде.

Айдоочулар жана жүктөр териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын быйыл апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Кээ бир катмардагы жарандар үчүн чек ара аркылуу эки тараптын макулдашуусу менен октябрь айында гана ары-бери каттоого уруксат берилген.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында чек ара толук такталмайынча ачылбай турганын билдирген. Кыргызстан кимдер өтө аларын көргөзгөн атайын тизмеде этникалык кыргыздар үчүн да пункт бар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG