Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

ИИМ элдин колундагы курал-жаракты текшерүүдө


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги 24-декабрдан 30-декабрга чейин "Арсенал" аталышындагы иш-чара өткөрүп, элдин колундагы курал-жаракты текшерүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө 3178 мергенчи жана 371 газ-травматикалык куралдын ээлери текшерилген. Ок атуучу куралды сактоо шарттарын бузган 142 факт аныкталган. 131 ок атуучу курал жана 125 даана ар кандай калибрдеги ок-дарылар убактылуу сактоого алынган. Үч ок атуучу куралды ээлери өз ыктыяры менен тапшырышкан.

Ички иштер министрлиги бул багыттагы иштер күчөтүлгөн режимде уланып жатканын кабарлайт. Мыйзамсыз алып жүргөн куралын өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертет.

Ички иштер министрлиги ноябрь айында дагы элдин колундагы курал-жаракты текшерген "Арсенал" аталышындагы операциясын өткөргөн эле. (МТа)

XS
SM
MD
LG