Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Жогорку сот "Азаттык" партиясынын арызын канааттандырган жок


Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Жогорку сот айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдорун жокко чыгаруу боюнча кайрылган "Азаттык" партиясынын арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Буга чейин Жогорку сот "Клооп Медианын" айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдору бурмаланганы боюнча жазган арызын да канааттандырган эмес.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Добуш берүү аягына чыккан учурда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышкан.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирген.

Парламенттик шайлоодон кийинки арыз-даттануулар, соттошуулар бүтө элек. Борбордук шайлоо комиссиясы сотто эки арыз каралып жатканын билдирди.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG