Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Таштандыны жер алдында сактоо долбоорун украиналык компания ишке ашырат


Бишкек шаарындагы таштандыларды жер астында сактоо жана чогултууга багытталган пилоттук долбоор боюнча сынактын жыйынтыгында украиналык "Диасон" жоопкерчилиги чектелген коому жеңип чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жеңүүчү компания жер астындагы таштандыларды сактап, чогулткан үч система орнотот. Ар бир система төрт таштанды челеги менен жабдылат.

"Атайын белги катуу таштандыларды өз убагында алып чыгууга мүмкүндүк берет, ошондой эле таштанды контейнерлеринин жана участоктордун жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө салым кошот, тамак-аш калдыктарынын чиришинен эч кандай жыт болбойт. Эң негизгиси, кабыл алуу пункттары мындан ары кароосуз калган жаныбарлар топтолгон жай болуп калбайт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мэрия пилоттук долбоорду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылай турганын билдирген.

Тиешелүү жабдуулар 6 миллион сомдон ашуун каражатка сатып алынары жөнүндө жарыя Мамлекеттик сатып алуулар сайтына 3-декабрда илинген. Тендерге ылайык, арыздар 17-декабрга чейин кабыл алынган.

Мэр Айбек Жунушалиев борбор калаанын түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан бөлүнө турган 22 млн. евронун 10,5 миллиону коротулганын, бирок эч кандай иш жасалбаганын айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG