Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Киргшелктогу каргаша: үч аялдын өлүмүнө шектелгендер акталды


Кылмыш болгон үй. Сүрөт "Акипресс" маалымат агенттигине таандык. 2016
Кылмыш болгон үй. Сүрөт "Акипресс" маалымат агенттигине таандык. 2016

Бишкектин Биринчи май райондук соту Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында 2016-жылы болгон окуяга шектелип кармалган алты адамды актады. Үч аялдын өлүмүнө байланыштуу иш сотто бүгүн, 28-декабрда каралды. Райондук соттун маалыматына караганда, кылмышка шектелген алты жарандын ар биринин аракетин иликтөөдө кылмыштын белгилери табылган эмес.

2016-жылы 24-мартта эртең менен Киргшелк айылынын Верхняя көчөсүндөгү үйдө жашаган үч аялдын сөөгү табылып, алардын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Алар 59 жаштагы тарых мугалими Надежда Провоторова, анын бир тууган сиңдиси - 56 жаштагы Екатерина жана анын 25ке чыккан кызы Алина.

Ал окуядан үч ай мурун турмушка чыгып, кош бойлуу экени, кылмыш болгон түнү анын күйөөсү Бишкекте болгону айтылган.

Кылмышка шектелип кармалгандардын баары Ысык-Атанын тургундары экени, алар тоноо максатында үч аялды өлтүргөнү баштапкы маалыматтарда белгиленген.

Шектүүлөрдүн адвокаттары аларга карата айныксыз далилдер жок экенин, кылмышты күч менен моюнга алышканын айтып чыгышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG