Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Киргшелк каргашасы: каралбаган жагдайлар


Кылмыш болгон үй. Сүрөт Акипресс маалымат агенттигинен алынды
Кылмыш болгон үй. Сүрөт Акипресс маалымат агенттигинен алынды

Быйыл жазда Ысык-Атанын Киргшелк айылында үч адамдын өлүмүнө шектелгендердин адвокаттары өз иликтөөсүн жарыялашты.

Анда кармалган алты адамга карата айныксыз далилдер жок болгонуна карабастан аларга кылмышты күч менен моюнга алдыруу аркылуу айып тагылган жагдайлар келтирилген.

Учурда соттолуучулар баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартканын айткан адвокаттар тергөөнүн айыптоо токтомун жокко чыгарып, далил заттар боюнча кошумча иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда. Бул чуулгандуу ишти иликтөөнү ички иштер министри өз көзөмөлүнө алган болчу. Аталган министрликтин маалымат кызматы адвокаттардын тергөө бүтө электе койгон дооматына негиз жоктугун айтып, кылмышка шектүүлөр тиешелүү илинчектердин негизинде кармалганын ырастайт.

"Кыйноо жолу менен моюнга алдыруу"

Быйыл 24-мартта эртең менен Киргшелк айылынын Верхняя көчөсүндөгү үйдө жашаган үч аялдын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денелери табылган. Алар 59 жаштагы тарых мугалими Надежда Провоторова, анын бир тууган сиңдиси 56 жаштагы Екатерина жана анын 25ке чыккан кызы Алина эле. Ал окуядан үч ай мурун турмушка чыгып, кошкабкат абалда болгон. Окуя болгон түнү анын күйөөсү Бишкекте болгону аныкталган.

Үйдү оңдоп жаткан усталар эртең менен келип, үй ээлеринин канга боёлгон денелерин табышкан. Кийин бул оор кылмышка шектелип, алты адам кармалган. Башында алар кылмышты моюнга алып, бирок кийин тергөөнүн жүрүшүндө алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартышкан.

Александр Лебедь аттуу айыпталуучунун адвокаты Анара Кыштообаева прокуратура күч менен моюнга алдыруу фактысы боюнча даттанууну кабыл албай жатканын белгиледи:

- Кылмыш болгон түнү биз коргоп жаткан алты айыпталуучу башка жактарда болушкан. Буга күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен документалдык далилдер бар. Анткени алардын телефондук сүйлөшүүлөрүнүн көчүрмөлөрү ошол түнү алардын башка жактарда болгонун ырастайт. Тергөөнүн айыптоосу болсо алар башында кылмышты моюнга алганы боюнча көрсөтмөлөргө гана таянган. Бирок биз изилдеп чыгып, айыпкерлердин кылмышты “моюнга алган” баштапкы көрсөтмөлөрү кыйноо жолу менен алынганын аныктадык. Бул кыйноолор өтө зомбулук менен коштолгон. Биз бул боюнча прокуратура органдарына да кайрылганбыз. Бирок ага тиешелүү жооп болуп, текшерүү жүргүзүлгөн жок. Ошондой эле кылмыш болгон жерден табылган манжа издери кылмышка шектүүлөрдүн манжа издерине дал келбеди. Соттук-трассологиялык экспертизанын жыйынтыгы дагы айыпталуучулардын кылмышка тиешесин ырастаган жок. Тергөө тобу бул кылмыш башка себептер менен жана башка адамдардын буюртмасы менен болгонун түшүнгүсү келбей жатат.

Жоголгон балка, жоболоңдуу манжа издери

Бул ишке шектелген айыпкерлер Александр Лебедь, Евгений Шулик жана Илья Пудовкин баш болгон алты киши 49 күндөн кийин кармалган. Алардын арасынан экөө өспүрүм куракта. Аларга “эки же андан ашык адамды мыкаачылык менен өлтүрүү” беренеси боюнча оор айып тагылган.

Башында бул ишти Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү жүргүзүп, кийин ал Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Изкубарлар окуя болгон жерден "кылмыш жасалды" делген бычакты таап, бирок анда манжа издери жок болуп чыккан.

Айыпталуучулардын бири кыйноого алынганын атасы ырастайт
Айыпталуучулардын бири кыйноого алынганын атасы ырастайт

Медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучулар башында мокок предмет менен башынан жаракат алып, андан соң кекиртегинен мууздалганы аныкталган. Ошол эле кезде айыпкерлердин адвокаттары өз алдынча иликтөө жүргүзүп, кылмыш жасалган курал катары алынган далил заттары толук изилденген эмес же айрымдары атайылап жок кылынган деген жыйынтыкка келишти. Ошондой эле короодон табылган өтүктүн изинин өлчөмү дагы айыпкерлердин эч биринин бут кийимдеринин өлчөмүнө дал келген эмес.

Кылмышка шектүү Евгений Шуликтин адвокаты Мырсалы Осмонкулов манжа издери текшерилбей, башында кылмыш куралы катары алынган балканын тергөө ишине тиркелбей калганынан шектенди:

- Биз кошумча каралган илинчектерди жана далил заттарды кайра текшерип бергиле десек, аны дагы жасашкан жок. Бул кылмыш иши боюнча короодон жалпысынан беш түрдүү үлгүдөгү манжа издери табылган. Тиешелүү экспертиза ал манжа издери айыпкерлердин же өлтүрүлгөн үч аялдын манжа издерине дал келбегенин көрсөттү. Ушуга байланыштуу биз бул беш манжа издери боюнча кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылдык. Эмне үчүн ушул манжа издери башка кылмыш иштери боюнча дагы текшерилбей жатат деген тынчсыздануу пайда болду. Анткени Ички иштер министрлигинде манжа издеринин үлгүлөрү сакталган атайын база бар. Ошондуктан бул манжа издерин ошол жактагы үлгүлөр менен салыштыралы десек, ага дагы мүмкүнчүлүк беришпеди. Андан башка дагы бир кызык бар. Тергөө материалдары боюнча башында алардын башына мокок буюм менен урулганы көрсөтүлгөн. Биз сураган күбөлөрдүн бири изкубарлар короодон баш жагы кан болгон балканы таап, алып кеткенин айтышкан. Ошол балка кийин кылмыш ишинде жок болуп чыкты. Тергөөчүлөр эмнеге ал балкадагы канды жана кол издерин изилдеп чыккан эмес? Деги эле башында кылмыш куралы катары алынган ал балка эмне себептен кийин ишке тиркелбей калганы бизди таң калтырууда. Тилекке каршы тергөөчүлөр бизге бул боюнча ынандырарлык жооп бере алышпады.

Маанилүү күбөнүн табышмактуу өлүмү

Окуянын түздөн түз күбөлөрү дээрлик жокко эсе. Ал турсун табышмактуу жагдайда киши колдуу болгон Провоторовалардын бир дубал кошунасы дагы ошол түнү эч кандай кыйкырык же ызы-чуу укпаганын айтып көрсөтмө берген. Адвокаттар эки эшикке бөлүнгөн ал үйдү бириктирген дубалдан үндүн угула турганын изилдетишкен. Бирок кошуналар кандайдыр бир шектүү үндөр же илинчектер туурасында көрсөтмө беришкен эмес.

Айыпталуучулардын бири кыйноого алынганын айтууда
Айыпталуучулардын бири кыйноого алынганын айтууда

Окуядан көп өтпөй маркум Екатерина Провоторованын Александр деген жакын адамы Канттагы өз үйүндө өмүрүн кыйганы кабарланган. Ал өлүм астында жазып калтырган катта сүйүктүүсүнөн ажырап: күйүткө чыдай албаганы жазылган. Бул адам дагы башында тергөөнүн версиясы боюнча кылмышка шектүүлөрдүн бири катары каралган.

Адвокат Анара Кыштообаева кандайдыр бир илинчектерди билип калганы үчүн кимдир-бирөө анын көзүн атайылап тазалады деп шекшийт:

- Тергөөчүлөр башынан эле кандайдыр бир илинчектерди жана анын негизинде иликтей турган фактыларды жашырып жатышат. Өлтүрүлгөн үч аялдын биринин жарандык күйөөсү ошол окуядан кийин эле бир жумадан кийин өз өмүрүнө кол салды дешти. Биз бул иштин материалдарын дагы изилдеп чыгып, бул жөн эле өз өмүрүн кыюу эмес, адам өлтүрүү экенине ынандык. Анткени жок кылынган үч аялдын бирөөсүнүн эң жакын адамы катары бул киши үй-бүлөдөгү айрым сырларды жана ага байланыштуу кандайдыр бир илинчектерди билиши мүмкүн эле. Ошондуктан кимдир бирөөлөр ыңгайсыз күбө катары атайын эле анын көзүн тазалап коюшу мүмкүн. Бирок тергөөчүлөр болсо бул ишти иликтеп отурбастан, кылмыш ишин козгобостон эле материалдарды архивге жөнөтүп салышты.

ИИМ: илинчеги жок болсо эч ким кармалбайт

Ошол эле кезде айыпкерлердин адвокаттар тобу алардын коргоосундагы алты адамды кармап, суракка алуу иштери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарын бузуу менен жүргүзүлгөн деп эсептешет. Алардын айтымында, милиция башында айыпкерлерди айылдагы тобокелдик тобуна кирет деп шектенип, маалыматтарды тактоо үчүн бир нече жолу суракка чакырган. Бирок алардын кылмышка шектүүлүгүнө негиз берчү илинчектер табылган эмес. Бир айдан ашуун убакыттан кийин аларга айып тагылып, кылмыш иши боюнча алар жөн эле кыйыр сурак берген күбөлөрдөн кадимки айыпкерлерге айланышкан.

Айыпкер Илья Пудовкиндин адвокаты Бакытжан Етекбаев тергөө мурда мыйзам бузууга барган жарандарды атайын тандап туруп, кылмыш иши ачылбай жаткандыктан улам айыпты аларга илип салган деп эсептейт:

- Бул иш боюнча кармалгандар туурасында алардын туугандарына өз учурунда кабар берилген эмес. Башында милиция өзү дайындаган адвокаттар аркылуу кармалгандары сурап, кылмыш ишин ачышкан. Кармалган балдардын ата-энелери бир топтон кийин гана бизге кайрылышты. Биз барган учурда азыр мен коргоп жаткан адамдын денесинен бир топ жаракаттарды байкадым. Бирок дарыгер чакырып, медициналык күбөлөндүрүү тууралуу өтүнүчүмдү тергөөчүлөр четке кагышты. Кийин бул боюнча прокуратурага кайрылдык. Эч кандай жооп болбоду. Буларды ошол окуядан кийин көп убакыт өткөндөн кийин анан кокустан эле чакырта калып, баарын бирдей кармап, камакка алышкан. Ошол жерден эле бардыгына айып тагышкан. Менимче тергөө атайылап мына ошол айылдагы мурда мыйзамды бузууга барып, милициянын көзөмөлүндө жүргөн балдарды атайылап тандап туруп, бул кылмышты алардын моюндарына иле салып, кылмышты ача салдык деп эле отчет беришкен.

Үч адамдын бир учурда көзүн тазалаган бул чуулгандуу окуяны иликтөөнү ички иштер министри өзүнүн көзөмөлүнө алган. Ички иштер министри бул оор кылмыштын бетин тез арада ачуу үчүн ички иштер органдарындагы эң мыкты делген изкубарлардан турган тергеп-иликтөө тобун түзгөн. Буга кылмыштын өзгөчө мыкаачылык менен жасалганы жана узак убакыт бою илинчектер табылбай жатканы себеп болду. Ички иштер министрлиги бул кылмыш ишин тергөө боюнча адвокаттардын дооматтарынын жөнү жок экенин жана кылмышка шектүүлөр негизсиз жерден кармалбаганын жүйө келтирди.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Бакыт Сейитов буларга токтолду:

- Бул оор кылмыштын бетин ачуу үчүн көптөгөн иликтөө иштерин жүргүзүп, бир топ аракеттерден кийин гана анын илинчектери табылган үчүн тегеректеги айылдан кылмышка шектүү катары ошол жигиттер кармалган. Азыр тергөө иштери бүтө элек. Ошондуктан биздин тергөөчүлөр кылмыш ишиндеги айрым бир жагдайларды ачыкка чыгара албастыгын айтышты. Эми бардыгына сот чекит коёт. Адвокаттар нааразы болсо, соттун жүрүшүндө айтышса болот. Милиция күнөөсү жок эле бирөөлөрдү кармап алып, аларды оор кылмышка айыптап жатат деген туура эмес. Бизде жөндөн-жөн эле эч ким кармалбайт. Ошол балдардын байланыштары, телефон менен сүйлөшүүлөрү жана окуя болгон үйгө алардын кандайча барганы туурасында илинчектер болгон үчүн алар кармалып, камакта отурат. Алардын айыбын эми сот гана далилдеп, өз өкүмүн угуза алат.

Сот бул жагдайга кандай карашы мүмкүн?

Ошол эле кезде бул иш боюнча кармалып, камакка алынгандарга айыптоолор мыйзамсыз ыкмалар менен коюлганы соттук териштирүүлөрдө далилденсе, анда кылмыш ишинин андан аркы келечеги эмне болот деген суроо жоопсуз турат.

Кылмыш иштерин кароого адистешкен мурдагы судья Калтарбек Кыдыров бул багытта колдонуудагы мыйзам талаптары боюнча түшүндүрмө берди:

- Соттук териштирүүдө кылмышты уруп-согуу менен моюнга алдырган жагдайлар жана фактылар бурмаланганы далилденсе же болбосо толук иликтенбеген болсо мыйзам боюнча сот ишти кайра тергөөгө жөнөтөт. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптары боюнча мыйзамсыз ыкмалар менен чогултулган илинчектер жана кылмышты моюнга алган көрсөтмөлөр далил базасы катары каралбайт. Биздин соңку конституциялык талаптардын негизинде жазылган мыйзам боюнча адамды тергөөдө кылмышты моюнга алган көрсөтмөсүнүн негизинде эле айыптуу деп таап, соттоп жиберүүгө болбойт. Бул мыйзамдын талабы. Бирок бизде эми ага карабай эле кесип жиберген учурлар болуп жатпайбы. Анткени мындай жагдайлар боюнча бизде бирдиктүү соттук практика жок.

Быйыл жазында өз үйүндө мыкаачылык менен жок кылынган үч аялдын Кыргызстанда жакын туугандары болгон эмес. Учурда каргашалуу окуя болгонго чейин үй ээлеринин эң кенжеси – Алинага үйлөнгөн адам гана бул кылмыш иши боюнча жабырланган тарап катары өтүүдө.

Тергөөнүн материалдары боюнча кылмышкерлер үйгө Алина жашаган бөлмөнүн терезеси аркылуу кирген болушу мүмкүн. Мына ошондуктан тергөө бул кандуу окуянын себептерин карактоо максатында жасалган кылмыш катары караган. Бирок айыпкерлердин адвокаттары башында үй ээлеринин баалуу буюмдары жана акчасы жоголгон эмес деген версияны мисал келтиришүүдө. Тергөөдө жабырлануучу тарап кийин үйдөн алтын жасалгалары жоголгону тууралуу түшүнүк кат жазган.

Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы бул чуулгандуу кылмыш ишинин материалдары жакын арада сотко өтө турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG