Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Саакашвили түрмөгө кайтарылды


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили сотто.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили сотто.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Горидеги ооруканадан Руставинин түрмөсүнө которулду. 30-декабрда адвокаттар саясатчынын саламаттыгына тынчсыздануусун билдиришти.

"Мен анын тирүү экенин көрүшүм керек"-деген адвокат Ника Гварамиянын айтымында, Саакашивилини эч кимге жолуктурбастан которуп жиберишкен.

Экс-президент 1-октябрда Грузияга кайтары менен камалган. Ал 19-ноябрда 50 күндүк ачкачылык акциясынан кийин Горидеги аскердик ооруканага которулган. Саакашвили жана анын тарапташтары камакта кыйноого кабылганын айтышкан.

18-декабрда көз карандысыз медициналык топ аны көзөмөлдөн өткөрүп, саламаттыгы "кыйноолордон, катаал мамиледен, тийиштүү медициналык жардамдын көрсөтүлбөгөнүнөн жана узакка созулган ачкачылыктан" кыйла начарлаганын аныктаган.

28-декабрда Украинанын Тышкы иштер министрлиги Грузия бийлигин Саакашвилиге "сый мамиле" кылууга чакырып, ага кошумча дарылануу керектигин билдирди. Украин жарандыгын алган Саакашвили Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган.

Экс-президент буга чейин чыккан өкүмдөр боюнча алты жылга кесилген. 54 жаштагы Саакашвили жана оппозиция бул иштер саясатташтырылганын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG