Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Орусиядан ташылган бажы алымысыз күйүүчү майдын көлөмү көбөйдү


Орусия 2022-жылы бажы алымы жок Кыргызстанга 650 мин тонна бензин жана 550 миң тонна дизель отунун берет. Бул тууралуу Орусиянын Энергетика министрлиги кабарлады.

2021-жылы Москва Бишкекке 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель майын жиберген. Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунайга дээрлик Орусиядан көз каранды.

Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы алдыда күйүүчү майдын баасы дагы жогорулашы мүмкүн экенин эскерткен.

Бишкек шаарында Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 58-59 сомдон сатылып жатса, алыскы аймактарда мындан бир топ кымбаттады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG