Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Кыргызстанда 4 миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймактан көчүрүлүшү керек


Сузак району. Июль, 2021-жыл.
Сузак району. Июль, 2021-жыл.

Кыргызстанда 3859 үй-бүлөгө кооптуу аймакта жашагандыктан, ал жерден көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, 2488 үй-бүлөгө казынадан акысыз каражат жана жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок ал үй-бүлөлөр азыркы күнгө чейин көчүп кете элек.

Министр кооптуу аймакта жашагандарга канча суммада каражат берилгенин тактаган жок.

“2488 үй-бүлөгө мамлекет кайтарымсыз негизде каражат жана жер тилкесин бөлүп берген. Ага карабастан, жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин ошол жакта күн кечирүүдө. Ал мекендештерибиз өзүлөрүнүн үй-жайын, ата-бабасы байырлаган ата-конушун таштап кеткиси келбегендигин айтып, кайдыгерлик кылууда. Министрлик жаңырган жылдан тартып, ушундай кооптуу аймактарды кыдырып жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүп, аларды коопсуз жайга көчүрүү аракетин баштайт”, - деди Ажикеев.

Кыргызстанда жай айларында селдер ондон ашык адамдын өмүрүн алды. Суу нугунан ашып жолдорду, эгин талааларын каптап, каналдар, көпүрөлөр жарактан чыкты. Бийлик кооптуу аймактарда жашап жаткандарды көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берилгенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG