Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Хорогдо каршылык акциясына чыккан 13 адамга кылмыш иши козголду


Ноябрда Хорогдо каршылык акциясына чыккандар. Тажикстан.
Ноябрда Хорогдо каршылык акциясына чыккандар. Тажикстан.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы Хорогдун 13 тургунун ноябрдагы каршылык акцияларынын маалында көчө боюндагы бакты мыйзамсыз кыйып салганы үчүн айыптап, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аймактын жарандык активисттери кирген "Комиссия 44" кыймылы билдирди.

Прокуратура өзү расмий билдирүү тарата элек.

"Хорогдогу каршылык акциясынын маалында бир нече адам аскерлердин жана бронетехниканын жолун торош үчүн бакты кыйып салышкан", - деди кыймылдын төрагасы Хужамри Пирмамадов.

Анын айтымында, бийлик бакты кыйгандарга каршы олуттуу кампания баштап, жергиликтүү телеканал аркылуу мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер аларды сындап чыгышкан.

Облустагы жарандык активисттер ошондой эле ноябрдагы окуялардын бир тараптуу иликтенип жатканына арызданышууда. Алардын айтымында, Хорогдогу акциялар маалында 17 киши жаракат алып, эки адам каза тапканына карабай бийлик тартип коргоочуларга гана кол салуу фактыларын иликтеп жатат.

25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында жергиликтүү тургун каза болгон. Буга нааразычылыгын билдирген жүздөгөн адам администрация алдына чыгып, окуянын тыкыр иликтенишин жана күнөөлүүлөрдүн жазага тартылышын талап кылышкан. Алар төрт күндөн кийин гана бийлик Интернетке чектөөнү алып, акцияга чыккандарды куугунтуктабоону убада кылгандан кийин таркашкан. Анткен менен жергиликтүү тургундар Интернет көп жерде өчүк экенин айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG