Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Кытайга каршы көрсөтмө берген этникалык казак кысымга кабылганын айтты


Бакытали Нур Лондондогу "Уйгур трибуналында" көрсөтмө берип жатат. 12-сентябрь, 2021-жыл.
Бакытали Нур Лондондогу "Уйгур трибуналында" көрсөтмө берип жатат. 12-сентябрь, 2021-жыл.

Лондондогу Уйгур трибуналында көрсөтмө берген этникалык казак ага басым болуп жатканын билдирди. Шинжаңдагы "саясий тарбиялоочу лагердин" мурдагы туткуну, кийин Казакстанга көчүп келген Бакытали Нурдун айтымында, белгисиз адамдар ага чалып "тынч жүрүүсүн" талап кылган.

Нур мындай чалуулар ал сентябрда Лондонго барарда да болгонун кошумчалады.

"Лондондогу сотко барбай эле, Кытайды жамандабай эле койсоңуз болмок. Эгер жамандасаңыз окуп жаткан балдарыңыз бар. Баары биздин көзөмөлдө болот. Алар мындан ары окуй албай калышат деген сөздөрдү айтты", - деди Нур.

Шинжаңдагы адам укуктарынын одоно бузулушун иликтеген Лондондогу көз карандысыз бейрасмий комиссия кытай бийлиги уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарына каршы "геноцидге барган" деген бүтүмүн 9-декабрда чыгарган.

Комиссия ошондой эле камактагылардын көбү, эркек, аялга карабай "негизсиз кыйноолорго", "сексуалдык зомбулукка" кабылышкан деген бүтүмгө келди. Уйгур трибуналы - Дүйнөлүк уйгур конгрессинин өтүнүчү менен негизделип, өз ишин сентябрь айында баштаган. Бул убакыт ичинде Шинжаңдагы лагерлерде камалып чыккан ондогон казактардын, уйгурлардын башынан өткөргөндөрүн, күбөлөрдүн жана окумуштуу-иликтөөчүлөрдүн окуяларын угууга жетишкен.

Трибуналдын "чечими эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Буга чейин АКШ да Кытай бийлигинин Шинжаңдагы кыянатчылыгын геноцидге теңеген. Кытай бийлиги мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG