Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

"Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун артка кайтаруу сунушталды


Билим берүү жана илим министрлиги.
Билим берүү жана илим министрлиги.

Билим берүү тармагынын айрым өкүлдөрү “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырышууда. Президентке, Жогорку Кеңешке жана Министрлер кабинетине жасалган кайрылууга 60тан ашык билим берүү мекемелери жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү кол койгон.

27-декабрда билим берүү тармагынын, көз карандысыз эксперттердин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзам долбоорун талкуулаган жыйын өткөн.

Анын катышуучулары документ өлкө жетекчилиги жарыялаган реформаларды ишке ашырууга тоскоолдук кыларын, кеңири талкууланбаганын белгилешкен.

Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги жаңы мыйзам долбоору аркылуу окуу адабияттарды басып чыгарууну, окуу мөөнөттөрүн белгилөөнү, квалификацияны жогорулатуу жана башка маселелерди жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө аракет кылып жатканын айтышкан.

Министрлик мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылып, түшкөн сунуштар жана кеңештер каралып чыкканын, 27-декабрда жыйындагы ой-пикирлер да эске алынарын маалымдады.

"Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиле элек. Коомдук талкууда, андан кийин түшкөн сунуштар иштелип жатат. Бардык тараптын сунушу эске алынып, керектүү мыйзам долбоору иштелип чыгат. Ошондуктан алдын ала туура эмес маалымат таратпоого чакырабыз", - деди мекеменин басма сөз катчысы Самат Тоялиев.

2021-жылы 5-майда жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин мыйзамдарды Конституцияга дал келтирүү аракети жана инвентаризациялоо жүрүп жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG