Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

"Манас" аэропортундагы коюу тумандан улам айрым учактар башка шаарларга конду


"Манас" эл аралык аэропорту
"Манас" эл аралык аэропорту

“Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы коюу туманга байланыштуу бир нече каттамдын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалып жатат. Бул тууралуу аталган аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты. Расмий маалыматка караганда, Санкт-Петербург шаарынан келген “Аэрофлот” авиакомпаниясынын учагы Алматыдагы кошумча аэродромго конду.

Андан тышкары ички каттамдар да кармалууда.

“Манас” эл аралык аэропорту аба каттамдар боюнча маалыматты Бишкектеги жана Оштогу аба майдандарынан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алууну сунуштоодо:

"Манас" — 0 312 693109;

"Ош" — 0 3222 90101.

Соңку бир нече күндөн бери Бишкек жана Ош аба майданынын аймагындагы коюу туманга байланыштуу бир нече каттам кармалып турат. Жүргүнчүлөр бир нече күн күтүүгө туура келип жатканын билдирип жатышат.

“Манас” аэропортунун басма сөз кызматынын 27-декабрда билдиргенине караганда, ушул күнү тумандан улам 100 метрден алыс жер көрүнбөй калган. Бирок ошол эле күнү аба ырайы оңолуп, аба майданы штаттык режимде иштей баштаганын кабарлаган.

28-29-декабрь күндөрү Бишкек аба майданын кайрадан коюу туман каптап, Алматы шаарынын кошумча аэродромуна Кувейт (Жазира” авиакомпаниясы), Дубай (“Флай Дубай”) Шаржадан (“Эйр Арабия”) учуп келген үч учак конду.

Москванын (“Авиатраффик”) жана Делинин (“Аэро Номад Эйрлайнс”) учактары Оштун кошумча аэродромуна, Маскаттын ("Салам Эйр") учагы Ташкентке конгон.

Мындан төрт жыл мурда аэропорттун аймагын калың туман каптап, ондогон адамдардын өмүрүн алган каргашалуу окуя болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG