Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Ысык-Көл: 1-январга караган түнү төрт кылмыштын бети ачылды


Ысык-Көл. Милиция кызматкерлери
Ысык-Көл. Милиция кызматкерлери

Ысык-Көл облусунда Жаңы жыл майрамы тынч өттү. Бул тууралуу облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

1-январга караган түнү коомдук коопсуздукту 700гө жакын милиция кызматкери жана ыктыярдуу элдик кошуундардын 100дөн ашуун өкүлү камсыздаган.

"Облустун ички иштер бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүкчөлөрүндө кылмыштар жана окуялар боюнча 19 билдирүү жана арыздар катталды. Жол кырсыгынын төрт фактысы катталган. Милиция кызматкерлеринин аракетинен мурда катталган төрт кылмыштын бети ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги Жаңы жылдык майрам күндөргө карата коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирген. "102 кызматы" күнү-түнү иштеп, жарандардын кайрылууларын кабыл алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG