Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Журналистке кол көтөргөн депутат мандатын тапшырды


Бекболат Тлеухан жана Айнур Коскина.
Бекболат Тлеухан жана Айнур Коскина.

Казакстан парламентинин депутаты Бекболат Тлеухан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ал Мажилисте кесиптештери менен жылуу коштошкону менен суроо берген казакстандык журналистке кол көтөрүп, жаңжал чыккан.

29-декабрда депутаттык мандатын тапшырып чыккан Бекболат Тлеухан журналист Айнур Коскинага кол көтөргөн. Журналист депутатка көп аялдуулук жөнүндө суроо бергенде жаңжал чыккан. Айнур Коскина бул окуядан кийин дароо полиция чакырып, арыз жазганын айтты. Полиция бөлүмүндө денесиндеги көгаланы видеого тартып көрсөттү. Журналист медициналык экспертизадан өтүп, полиция окуяны териштирип жатканы белгилүү болду.

"Камералардын баары иштеп турганда ал депутат мага тийген жок. Качан лифттин эшиги жабылып, мен ичинде калганда ал колумдагы телефондун штатифи менен мени башка бир койду. Элестетиңиз, башыма тийген штатиф сынып кетти, кандай оор сокку алдым".

Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Аида Балаева .
Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Аида Балаева .

Ал эми бейшембиде Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Аида Балаева экс-депутат Бекболат Тлеухан менен журналист Айнур Коскинанын ортосундагы жаңжал боюнча комментарий берди. Министр маселенин башка өңүтү да бар экенин жазды.

"Журналистке интервью берген адамдын эмоционалдуу мамилесин актоо кыйын. Бирок, маселенин экинчи жагы да бар - журналисттин кесипкөйлүгү жана маданияты. Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлиги журналисттердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана кесиптик укуктарын мыйзам чегинде коргоого ар дайым даяр", - деп жазат Аида Балаева Фейсбук баракчасына.

Тлеухан депутаттык мандатын тапшырганын баш кеңсеси Стамбул шаарында жайгашкан Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын вице-президенти болуп дайындалганы менен түшүндүргөн. Ал казак парламентинде эң узак мөөнөттө отурган депутаттардын бири. Анын айтымында, мажилистин үч чакырылышында депутат болгон.

Шаршембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Мажилистен кетсе дагы “Нур Отандан” кетпей турганын, саясий көз карашы өзгөрбөгөнүн” билдирди.

Казакстанда Тлеухандын айрым билдирүүлөрү талкууга түшүп, сын ээрчип жүрөт. Маселен, ал март айында Алматыда өткөн аялдардын митингине байланыштуу "адепсиздик" жана "монстр феномен" деген сөздөрдү колдонгону үчүн сынга кабылган.

Бекболат Тлеухан 1966-жылы Караганды облусунун Жаңыарка районунда туулган. Казак улуттук техникалык университетинин инженер-металлург адистиги боюнча жогорку билимин алган жана Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик консерваториясын бүтүргөн.

Буга чейин депутаттыктан тышкары Тилеухан президенттик оркестрди, маданият комитетин жетектеп, маданият министринин орун басары кызматтарын аркалады.

Бекболат Тлеухан "Элим менин" сериалында кыска роль ойногон. 2015-жыл.
Бекболат Тлеухан "Элим менин" сериалында кыска роль ойногон. 2015-жыл.

Сөзү экс-президент Нурсултан Назарбаевге, обону Бекболат Тлеуханга таандык "Элим менин" ыры Казакстанда мамлекеттик гимнден кийинки эле эң популярдуу чыгарма экени айтылып жүрөт.

Бул ырды жергиликтүү ырчылар "Нур Отан" партиясынын жана Нурсултан Назарбаев катышкан ар бир жыйында созолонто ырдап, бийликтеги партиянын эки жыл мурунку курултайында Элбасы өзү угуп, көзүнө жаш алганы белгилүү.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG