Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Кыргызстандан темир чыгарууга убактылуу чектөө киргизилди


Темир саткан жер.
Темир саткан жер.

Министрлер кабинети Кыргызстандан Евразиялык экономикалык биримдиктен тышкаркы өлкөлөргө темир чыгарууга алты айга чектөө киргизди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-декабрда кол койгон.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, чектөө тизмесине кара металлдар, анын сыныктар жана калдыктар, куймалар кирген.

Экономика жана коммерция министрлигине Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына чектөө тууралуу билдирүү жиберүү тапшырылган. Тышкы иштер министрлиги КМШнын аткаруу комитетине билдириши керек.

Кыргызстанда 2021-жылы курулуш материалдары менен катар темирдин баасы дагы кымбаттаган. Кыргызстанга темир негизинен Орусиядан алынып келинет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG