Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

"Шамбала" тасмасы Иранда өткөн фестивалда жети сыйлыкка татыды


«Шамбала» фильминин постери.
«Шамбала» фильминин постери.

"Шамбала" тасмасы 28-31-декабрь күндөрү Иранда өткөн Moving Film фестивалында жети сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясы билдирди.

Анда режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тарткан тасмасы мыкты оператор, мыкты композитор, эң мыкты үн режиссеру, мыкты монтаж, мыкты макияж, мыкты костюм, мыкты визуалдык эффект (VFX) деген категориялар боюнча сыйлыктарды алышты.

Бир жарым сааттык "Шамбала" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясында 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ошол жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон.

Тасманы койгон режиссер жана сценарийдин автору Сүйүндүков сценарийин көптөн бери даярдап, фильмди тартыш үчүн жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин укканын 2018-жылы «Азаттыктагы»​ маегинде билдирген.

«Ак кеме» чыгармасынын негизинде биринчи тасманы 1976-жылы режиссёр Болот Шамшиев тарткан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG