Эки лидер чыңалууну жөнгө салуу боюнча Орусия менен алдыдагы дипломатиялык сүйлөшүүлөргө даярдыкты талкуулайт.
Байден "АКШ Орусиянын агрессиясына каршы Украинанын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн колдой турганын дагы бир жолу ырастоо ниетинде", - деп билдирди Ак үйдүн расмий өкүлү.
Тараптар соңку үч аптада экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөшмөкчү. Ак үй НАТОну тынчсыздандырган аскердик коркунучту жоюуга аракет кылып, Киев Орусиянын Украинага басып кирүүсүнөн кооптонууда.
Эки лидер Жо Байден менен Владимир Путин 30-декабрда телефондон сүйлөшкөндөн кийин байланыша турган болууда. Анда Байден АКШ жана анын өнөктөштөрү Орусия Украинага басып кирсе, ага каршы катаал санкцияларды киргизе турганын айткан.
Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскерин топтогон.
Москва НАТОдон Украинага жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдү уюмга мүчө кылуудан баш тартууну жана Чыгыш Европага аскер күчтөрүн жайгаштырууну токтотууну талап кылып келет.
Тышкы иштер министри Сергей Лавров 31-декабрда коопсуздук кепилдиги боюнча талаптарды дагы бир жолу бышыктаган:
"Эгерде өз убагында конструктивдүү жооп бербей, Батыш агрессивдүү саясий багытын уланта берсе, анда Орусия стратегиялык тең салмактуулукту сактоо коопсуздукка коркунучтарды жоюу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшү керек".
Байдендин администрациясы жана НАТО бул уюмда ачык эшик саясаты бар экенин, бир дагы өлкө башка мамлекеттин ага киришине вето коюу укугу болбошу керектигин бир нече жолу айткан.
Ошондой эле Киев менен кеңешпей туруп, Украинанын коопсуздук маселеси талкууланбай турганын билдирген.
АКШ менен Орусиянын лидерлери 9-10-январда Женевада көзмө-көз жолугушмакчы.
12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин өзүнчө жыйыны болот.
Андан бир күндөн соң Венада АКШ жана анын Батыштагы өнөктөштөрү Украина жана Орусия кирген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алкагында дагы бир жыйынга чогулат.