Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Коронавирустан улам миңдеген авиа каттамдар токтотулду


АКШ дагы аэропорттордун бири. 
АКШ дагы аэропорттордун бири. 

1-январда дүйнө жүзү боюнча миңдеген авиа каттамдар токтотулду. Буга авиакомпаниялардын кызматкерлеринин көбү коронавирус жуктуруп алганы себеп болду.

Flightaware.com порталынын маалыматына ылайык, 1-январда түшкө чейин эле 4600 аба каттам токтотулган. Алардын көбү АКШнын аймагында болгон.

Саламаттык сактоо мекемелери билдиргендей, коронавирустун “омикрон” штаммына чалдыккандардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйүүдө. Францияда вирус жугузуп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү үч күндөн бери 200 миңден ашып жатат. Британияда 189 миңден ашты.

Вируска чалдыккандардын саны Португалия менен Австралияда да жогорку көрсөткүчтөргө жетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG