Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Ак-Суу: Тепкеде окуучулар сабалды, курал колдонулганы кабарланды


Тепкедеги орто мектеп.
Тепкедеги орто мектеп.

Ак-Суу районундагы Тепке айылында мектеп окуучулары сабалып, эки бала ооруканага түштү. Бул тууралуу айылдын Ден соолук комитетинин мүчөлөрү «Азаттыкка» кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 1-январга караган түнү болгон. Жергиликтүүлөр коңшу Курбу айылынан келген ондон ашык бала 9-класстын окуучуларын ур-токмокко алып, травматикалык курал колдонушканын айтышууда. Окуучулардын биринин колу сынып, дагы бири мээси чайкалып ооруканага түшкөн.

Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров «Азаттыкка» жапырт мушташ болгонун ырастады. Анын айтымында, учурда окуяны райондук милиция териштирип, жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Курбу айылынан келген балдар мектеп окуучуларыбы же жокпу, азырынча белгисиз. Милиция комментарий бере элек.

Окуя боюнча Тепке айылында жергиликтүү тургундар 3-январда чогулуш өткөрүүнү көздөп жатканы кабарланды. (BkA/KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG