Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Түштүк Африка Республикасынын парламент имаратын өрт чалды


Түштүк Африка Республикасынын парламенттик комплексиндеги өрт.
Түштүк Африка Республикасынын парламенттик комплексиндеги өрт.

Түштүк Африка Республикасынын борбору Кейптаунда парламент имаратында чыккан өрттү эки күндөн бери өчүрө албай жатышат.

Бийлик шейшембиде кабарлагандай, 4-январга караган түнү өрттү чектеп гана жетишти. Парламенттик комплекстин Улуттук Ассамблея жайгашкан жаңы корпусу төмөнкү бөлүгүнөн чатырына чейин “толук күйүп кетти”. Кейптаундун өрткө каршы кызматынын жетекчиси тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн колунан келген аракеттердин баары жасалып жатканын журналисттерге билдирди.

Парламенттик комплекс үч бөлүктөн турат. Эң эскиси 1884-жылы курулган. Анда парламенттин жогорку палатасы – Провинциялардын Улуттук кеңеши жайгашкан. Бул имараттын чатырынын бир бөлүгү кулады.

Тергөөнүн баштапкы жыйынтыктары боюнча өрттү бирөө жарым атайылап чыгарган болушу мүмкүн. Ага байланыштуу 49 жаштагы шектүү кармалып, ага беш пунктудан турган айып тагылды. Ал коюлган айыптарды четке кагууда.

Парламенттик комплекстеги өрт жекшемби күнү башталган. Эртеси бийлик өрттүн негизги бөлүгү өчүрүлгөнүн кабарлап, техникаларды токтоткон болчу. Бирок жалын кайрадан тутанып, күчөп кеткен. Учурда өрткө каршы бригадалар бөлмөлөрдү кыдырып, оттун очокторун издеп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG