Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Ошто коомдук транспорттун кыймылын көрсөткөн тиркеме иштеп баштады


Тиркеме.
Тиркеме.

Ош шаарында коомдук транспорттун кыймылын көрсөткөн тиркеме иштеп баштады. Ал жүргүнчүлөргө каттамга чыккан транспорттордун кайда келе жатканын онлайн көрсөтүп турат.

Ош шаардык мэриясы GPS навигатору төрт маршруттук каттамга орнотулганын билдирди. Калган каттамдарга эки ай ичинде коюлары күтүлүүдө.

MiniBus тиркемесин Play маркеттен көчүрүп колдонууга болот.

Шаардык мэрия эки жыл мурун коомдук транспортторго электрондук билеттерди кабыл алуучу аппараттарды орноткон. Бирок долбоор ийгиликсиз болуп, билеттер жапырт колдонулбай келет.

Ош шаарында 26 троллейбус, 18 автобус, 650 маршруттук кичи автобус каттамга чыгат. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG