Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 02:14

Чүйдө коллеж жетекчилиги студенттердин нааразылыгына жооп кайтарды


Иллюстрациялык сүрөт.

Шопоков шаарында жайгашкан Эл аралык универсалдык коллеждин жетекчилиги студенттердин Интернет аркылуу жарыялаган билдирүүсү негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу 4-январда “Азаттык” радиосуна окуу жайдын окутуучусу Диля Сулайманова билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү бир нече жолу текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуу тапкан эмес:

“Студенттердин айтканы негизсиз. Окуу жайда ар тараптуу текшерүү болду. Биздин окуу процесс Кыргызстандагы окуу стандарттарына туура келет. Билим берүү мыйзамына ылайык иш алып барабыз. Менимче бул балдардын артында кимдир бирөө турат. Алар бизди жаман көрсөтүү үчун тукуруп жатышкандыр”.

28-декабрда Интернетке чыккан видео кайрылуусунда өзүлөрүн коллеждин студенти катары тааныштырган балдар мугалимдер аларды сабак учурунда Библияны окууга мажбурлап, эгер каршылык билдирсе окуудан чыгарарын айтканын, “мусулмандардын укугу бузулуп жатканын”, коллежди диний окуу жайга айлантуу аракети көрүлүп жатканын билдирип чыгышкан. Ошондой эле алар коллежди жабууну, төлөнгөн контракт акысын кайтарып берүүнү да талап кылышкан. Студенттер текшерүү учурунда окутуучулар айрым китептерди катып, өрттөп жиберүүгө үлгүргөнүн айтышкан.

Билим берүү жана илим министрилиги окуяны териштирүү үчүн адистерин жөнөткөнүн, алар окуу жайдын администрациясы жана студенттери менен жолугушуп, тиешелүү документтер менен жеринен таанышканын жана маселе министрдин жеке көзөмөлүндө экенин билдирген.

Тил жана маданият институту, Эл аралык универсалдык коллеж деп аталган кыргыз-корей окуу жайлары 2015-жылы Сокулук районундагы Шопоков шаарында «Жаңы Жибек Жолу Корпорациясы» коомдук кайрымдуулук фондунун колдоосу менен иштей баштаган. Учурда бул окуу жайларда 5 жүздөй студент билим алууда. Окуу жай негизинен гуманитардык багытта билим берет. (SA/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG