Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Бир суткада коронавирус 198 кишиге жугуп, бир адам каза болду


Кыргызстандагы бейтапканалардын бири.
Кыргызстандагы бейтапканалардын бири.

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, 10-январга карата коронавирус өлкөдө 198 кишиге жукту, бир адам каза болду. Вирустан жалпысынан 2 819 киши көз жумду.

Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. Бир күндө оорудан 66 адам айыкты.

Азыркы тапта ооруканада 459 адам жатат, үйүнөн 952 киши дарыланууда. Акыркы айларда каза болгондордун дээрлик бардыгы вируска каршы эмделбегендер экени аныкталууда.

Вакцина алгандар өлкө боюнча 2 млн. 274 миң кишиден ашты, алардын 1 млн. 242 миңдейи вакцинанын биринчи дозасын алган.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай турганын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG