Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалды


Алматы. 10-январь, 2022-жыл.
Алматы. 10-январь, 2022-жыл.

10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кармалгандар боюнча эки тараптуу тиешелүү иштер аткарылып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында, Нур-Султан, Алматы, Бишкек шаарындагы ыкчам жардам берүүчү топторго 2-январдан бери миңдей кыргызстандык жардам сурап кайрылган. Жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө.

Элчилик Нур-Султан, Актөбө, Актау, Кустанай, Көкчетау, Петропавл, Павлодар, Караганда шаарларындагы кыргызстандыктар менен байланышып жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда башаламандыкка катышы бар деген шек менен алты миңден ашуун адам кармалды.

10-январда Казакстандын айрым аймактарында интернет байланышы жарым жартылай калыбына келди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG