Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

ЖККУ: Жапаров Казакстанда кармалган кыргыз жарандары тууралуу сөз кылды


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-январда президент Садыр Жапаровдун ордуна Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн сессиясына катышты. Анда сөз сүйлөп, Казакстандагы тополоңго тиешеси бар делген кыргызстандыктар тууралуу акыйкат иликтөө жүргүзүүнү өтүндү.

"Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Казакстандагы тополоңдорго, башаламандыкка тиешеси бар экени тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Ушундан улам ар бир катталган учурга байланыштуу Казакстандын мыйзамдары менен эки жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык акыйкат териштирүү жүрөт деген өтүнүч жана ишеним билдиребиз", -деди Жапаров.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев казак бийлигин соңку окуяларды иликтеп-териштирүүдө "риториканы өзгөртүшү керектигин, кыргызстандыктарды террорчулукка айыптоо туура эместигин" билдирген.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Кыргызстандын Казастандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалган жана алардын тек-жайы такталып жатат.

Алматы шаарында кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулуп, учурда Бишкекке келе жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султан, Алматы, Бишкек шаарындагы ыкчам жардам берүүчү топторго 2-январдан бери миңдей кыргызстандык жардам сурап кайрылган жана жарандарды мекенине кайтаруу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бир катар шаарлардагы кыргызстандыктар менен байланышып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG