Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Сот Калмаматовдун жактоочуларынын өтүнүчүн четке какты


Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 11-январда камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочуларынын арызы каралып, аны бошотуу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Саясатчынын жактоочулары Калмаматов кармалган учурда талапкер болгонун жүйө кылып, анын камалашын мыйзамсыз деп сотко арызданышкан. Сотко Бактыбек Калмаматов алып келинген жок. Анын бөгөт чарасын кароо 12-январда Бишкек шаардык сотунда каралат.

Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган. Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган. Калмаматов өзү айыптарды четке кагып, “саясий куугунтук” экенин айтып келет.

Калмаматов былтыр 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% босого чектен өткөн эмес. Калмаматов 2010-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG