Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

УКМК түрк ишкерин уурдоо боюнча эки кишиге издөө жарыялады


УКМК тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.
УКМК тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) түрк ишкерин уурдоо боюнча кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Ниязалы Махаматкарим уулу жана 51 жаштагы Болот Матраимов изделип жатканын кабарлады.

Атайын кызмат жогорудагы жарандар жөнүндө кандайдыр бир маалымат болсо 0312620585, 0312660475, 0312626504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт. УКМК ал жарандар "ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашырынып, жанында ок атуучу курал алып жүрүшү мүмкүн экенин" белгилейт.

12-декабрда атайын кызмат Кыргызстанда чет элдик ишкерди уурдап, 3 млн. доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелип кармалгандардын арасында милиция кызматкери дагы бар экенин билдирген. Анда кылмышка шектүү катары үч жаран жана Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгына караштуу “Манас” аэропортундагы аба транспорт башкармалыгынын башчысы “П.Т.” кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG