Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Тажик чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык мекенине кайтарылды


Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстандын күч кызматкерлери тарабынан кармалган 30 жаштагы Р.Исмаилов мекенине кайтарылганын маалымдады.

“2021-жылдын 1-ноябрында Баткендин Лейлек районундагы Арка-Борбордук жолунда 1992-жылы туулган кыргыз жараны Р.Исмаиловду Тажикстандын УКМК кызматкерлери кармашкан”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандык жаран 10-январда кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду” бекети аркылуу алып келинди. Анын кандай шартта кармалып же бошотулганы жөнүндө маалымат айтылган жок. Тажикстандын расмий органдары дагы бул тууралуу маалымат бере элек.

Өткөн жылдагы куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG