Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

ТИМ Казакстанда кармалды деген кыргызстандык жөнүндө маалымат берди


Алматы шаары.
Алматы шаары.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстанда күч кызматкерлери тарабынан кармалып, сабалды делген кыргызсатандык Баялы Төрөгелдиев жөнүндө маалыматтарды төгүндөдү. ТИМ ал жаран "үйүндө жана сабалган эмес" деп билдирди.

Буга чейин Акыйкатчы институту Казакстандын Чымкент шаарында Баялы Төрөгелдиев аттуу кыргызстандык кармалып, сабалганын анын жакындары маалымдаганын жарыялаган.

ТИМдин билдирүүсүндө, Казакстандагы башаламандык учурунда каза болгон кыргыз жараны Азиз Мусаевдин апасы С.Иманхожаеванын Казакстанга барып келүүсү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

Учурда Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык Бишкекке келе жатат. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол күнү Бишкекке кайтып келген. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG