Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды


Америкалык хирургдар 57 жаштагы бейтапка чочконун жүрөгүн трансплантациялап жатышат. 7-январь, 2022-жыл.
Америкалык хирургдар 57 жаштагы бейтапка чочконун жүрөгүн трансплантациялап жатышат. 7-январь, 2022-жыл.

Тарыхта биринчи ирет америкалык хирургдар адамга чочконун жүрөгүн операциялык жол менен трансплантациялашты. Мэриленд университетинин медициналык борбору билдиргендей, адам организми жаныбардын жүрөгүн дароо өгөйлөгөн жок.

Дарыгерлердин айтымында, бул Дэвид Беннет аттуу бейтаптын өмүрүн сактап калуунун жалгыз жолу болчу.

Бул үчүн чочконун жүрөгүндөгү айрым гендер алынып, бир аз өзгөртүлгөн.

7-январда болгон операцияга хирургдар көп жылдан берки иликтөөлөрдөн кийин барышты. Алар бул кадам ийгиликтүү болсо, дүйнө жүзү боюнча көп адамдардын өмүрүн сактап калууга өбөлгө болоруна ишенишет.

OrganDonor.gov сайтынын маалыматына караганда бир эле АКШда органдарын алмаштырууга муктаж 100 миңдей адам бар. Күн сайын 17 бейтап донордук органдардын жетишсиздигинен көз жумат.

XS
SM
MD
LG