Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Салянова: Казакстанда каза болгон жарандар боюнча толук маалымат алыш керек


Аида Салянова.
Аида Салянова.

"Алматыда башаламандыкта каза тапкан жана кармалган кыргыз жарандары тууралуу так жана далилдүү маалымат бериши керек" деген пикирин мурдагы башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Ал 11-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнө катышкан учурда коңшу өлкөдө кармалган жарандарга жардам берүү үчүн тезирээк аракет көрүүгө чакырды.

"Биздин жарандар кандай жагдайда каза болгону тууралуу так маалымат берилиши керек. "Тергөө бүтсүн" деген шылтоо менен ар кандай ушак-айыңга жол бербөө зарыл. Бул окуя каза болгондордун жакындарына жана Кыргызстанга көлөкө түшүрбөгөндөй болушу керек", - деди Салянова.

Казакстандагы башаламандык учурунда эки кыргызстандык каза тапканы белгилүү болгон.

Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтарылды. Алматыдагы консул Назарали Арипов Алматыда кармалган төрт кыргызстандык жаран 11-январда бошотуларын маалымдаган. Алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын билдирген. Ага ылайык, казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Жиншанлону камаганы ачыкка чыкты.

Буга чейин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда беш кыргыз жараны кармалганын билдирген жана расмий Бишкек казак тарапка нота жөнөткөн.

Казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG