Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:39

Кыргызстанда коронавирустун омикрон штаммы катталды


Омикрон штаммы.
Омикрон штаммы.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун омикрон штаммы катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери Айгүл Жумаканова кабарлады.

"Улуттук вирусология лабораториясына ооруну жуктурган ар кайсы аймактардагы 165 адамдын анализин бергенбиз. Изилдөө 4-6-январда башталып, жыйынтык алты күндөн кийин чыкты. Натыйжада, Бишкектеги Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында жаткан эки адамдын анализинен омикрон штаммы аныкталды. Бул штаммдан тышкары өлкөдө Түштүк Африка, Индиянын дельта штаммдары да бар", - деди Жумаканова.

Акыркы бир суткада коронавирусту 465 адам жуктуруп, беш айдагы эң чоң көрсөткүчкө жетти. Бир күндө эки киши оорудан көз жумду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG