Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

"Манас ордого" саякатка барган окуучуларга мейманкана курулат


"Манас ордо" улуттук комплекси.
"Манас ордо" улуттук комплекси.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 12-январда Таласта жумушчу сапар менен жүргөндө билдирди. Анын айтымында "Манас ордо" улуттук комплексине өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы окуучуларга жылы бою милдеттүү түрдө экскурсияларды уюштуруп туруу максатында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 200 орундуу мейманканы куруу башталат.

"Манас Ордо" улуттук комплекси Талас облусунун Таш-Арык айылында жайгашкан. 1996-жылга чейин "Манас" коругу болуп келген жана 1996-жылы улуттук деген расмий макам берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG