Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Өкмөт өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планын жарыялады


Кыргызстанда 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли 20 пайыздан 25,3 пайызга чейин өскөн.
Кыргызстанда 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли 20 пайыздан 25,3 пайызга чейин өскөн.

Министрлер кабинети 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планын жарыялады. Анда алдыдагы беш жылдын ичинде орточо эсеп менен жыл сайын 5% экономикалык өсүштү камсыздоо, киши башына эсептелген Ички дүң өнүмдү (ИДӨ) кеминде 1,5 миң долларга жеткирүү, жумушсуздуктун деңгээлин 5% чейин тушүрүү, жакырчылыктын деңгээлин 20% азайтуу каралган.

Өкмөттүн планына ылайык, бизнести колдоо максатында жеңлдетилген насыялар берилет. Бир катар ГЭСтерди куруу, курулган ГЭСтердин абалын, мүмкүнчүлүгүе жакшыртуу каралган. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуну куруу долбоорун ишке киргизүүгө аракет жасалат.

Өкмөттүн планында бюджеттен каржыланган мекемеже иштегендердин айлыгын 50% көбөйтүү, беш жылдан кийин жыл сайын 20% жогорулатып туруу, пенсия менен жөлөк пулду 50% жогорулатуу тууралуу жазылган.

Президент Садыр Жапаров 90 барактан турган 2026-жылга чейин белгиленген улуттук программа тууралуу былтыр октябрда жарлык чыгарган.

Кыргызстанда ИДӨнүн көлөмү былтыр 600 миллиард сомдон ашкан.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли 20 пайыздан 25,3 пайызга чейин өскөн. Дээрлик 2,2 миллион кыргызстандык күнүнө 96 сомго жашайт.

Өлкөдө жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4% көбөйдү. Былтыр октябрга карата Кыргызстанда 104 миң ишсиз адам катталган. Бейрасмий эсепте алардын саны алда канча көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG