Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

"Хьюман Райтс Уотч" уюму 2021-жылдагы отчетун жарыялады


"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму дүйнө жүзүндөгү адам укугунун сакталышы боюнча 2021-жылдын отчетун жарыялады. Анда Борбор Азия жана Кыргызстандагы адам укугунун сакталышы тууралуу дагы айтылган.

Уюм Кыргызстанда 2021-жылы ишке кирген Конституциянын айрым жоболору адам укугунун стандарттарына каршы келерин, бул жылы бейөкмөт уюмдардан негизсиз каржылык отчеттуулукту талап кылган, жалган маалымат үчүн өтө чоң жоопкерчиликти киргизген көйгөйлүү мыйзамдар кабыл алынганын белгилеген.

Жыл башында башталган мыйзамдарды инвентаризациялоо жараяны шашылыш жүргүзүлүп, айрым пикирлер эске алынбаганын билдирген.

Эл аралык уюм отчетунда 2021-жылы Кыргызстандагы болгон парламенттик шайлоо, конституциялык реформа, Тажикстан менен чек ара конфликти, Орхан Инандыны уурдоо, Кыргызстан катышкан эл аралык иштер жана жарандык коом, эркин оюн билдирүү, эмгек укугу, аялдарга жана кыздарга карата зомбулук, сексуалдык ориентация жана гендердик иденттүүлүк, майыптыгы бар адамдардын укугу, кыйноолор боюнча иштерге токтолгон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG