Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Орусияга барган мигранттар 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүш керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусияга келген кыргызстандыктар кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, манжа изин тапшырып, сүрөткө түшүү тартибинен өтүшү керектигин эскертет.

Элчилик Орусияга иштөө үчүн барган Кыргызстандын жарандары медициналык кароодон өтчү мекемелердин тизмесин жана бааларын "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады.

Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы менен жаранга тиешелүү күбөлүк берилет. Кароодон өтпөгөн же изилдөөдө баңгизаттарын же психотроптук каражаттарды колдонору, жугуштуу оорулар менен ооруй турганы аныкталган жаранга Орусияга кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынат.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG