Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Ноокен районунда 133 гектар жерге алча көчөтүн отургузушту


Ноокен районундагы түшүмдүүлүгү аз жерлерге бак тигилип жатат.
Ноокен районундагы түшүмдүүлүгү аз жерлерге бак тигилип жатат.

Мамлекеттик токой фонду кабарлагандай, Ноокен районундагы түшүмдүүлүгү аз жерлерге бак тигилип жатат.

Аталган райондун Достук айылындагы 133 гектар жерге алчанын көчөттөрү отургузулду. Бул иш-чара Токой чарба мамлекеттик агенттигинин кыртышы начарлаган айыл өкмөттөрүнө караштуу жерлерди жана токойлорду калыбына келтирүү долбоорунун алкагында ишке ашууда. Дагы 167 гектар жерге көчөт отургузуу пландалууда.

Экологдор Кыргызстандагы токойлордун саны барган сайын кыскарып жатканына тынчсызданып келет. Кыргызстандын жалпы аянтынын 6% токойлордон турат.

Азыркы тапта мамлекеттик органдар токойлорду каттоого алууда. Мындай каттоо 2010-жылы, башкача айтканда дээрлик 10 жыл мурда жүргөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG