Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Австралия белгилүү теннисчи Новак Жоковичтин визасын кайрадан жокко чыгарды


Новак Жокович.
Новак Жокович.

Австралия дүйнөлүк рейтингинде биринчи сапта турган сербиялык теннисчи Новак Жоковичтин визасын экинчи жолу жокко чыгарды. Бул тууралуу чечимди өлкөнүн иммиграция министри Алекс Хоук кабыл алды.

Министрдин айтымында, визаны жокко чыгаруу жарандардын коопсуздугун көздөйт жана өлкөнүн коомдук кызыкчылыгына туура келет.

Виза биринчи жолу жокко чыгарылганда спортчу сотко даттанып утуп алган. Ал экинчи чечимди да сотко даттанганы турат. Жоковичти юристтери теннисчи өлкөдө калып, Australian Open турнирине катыша алат деп үмүт кылып турушат. Оюндар 17-январда башталат.

Новак Жокович Австралияга 5-январда келген. Чек ара кызматы аны коронавируска каршы вакцинаны албоо үчүн медициналык кагазды негизсиз алган деп таап, өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген эмес. Документте Жокович акыркы эки аптада эч жакка чыккан эмес деп көрсөтүлгөн, бирок ал Испанияга барып келгени маалым болгон.

Жоковичтин арызын караган сот бийликтин визаны жокко чыгаруу тууралуу чечимин туура эмес деп таап, карантиндик чараларды алып салууну жана турнирге катыштырууну чечкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG