Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШнын Жогорку соту президент Байдендин милдеттүү вакцинациялоо жарлыгын жокко чыгарды


АКШнын Нью-Йорк шаарындагы COVID-19га каршы вакцинациялоо учуру.
АКШнын Нью-Йорк шаарындагы COVID-19га каршы вакцинациялоо учуру.

АКШнын Жогорку соту президент Жо Байдендин орто жана ири компаниялардын кызматкерлерин милдеттүү вакцинациялоо тууралуу мурдараак чыгарган жарлыгын жокко чыгарды.

Соттун 13-январда кабыл алган чечиминде эми мындай талап федералдык бюджеттен каржыланган медициналык мекемелерге гана тийиштүү болуп саналат. Мындай мекемелерде 10 миллиондой кызматкер бар.

Техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы боюнча федералдык башкармалык мурда 100дөн ашык кызматкери бар компаниялардын баардыгынын кызматкерлерин милдеттүү түрдө вакцинациялоо тууралуу 2021-жылдын ноябрь айында чечим чыгарган.

Вакцина албагандар апта сайын COVID-19га каршы тесттен өтүп турушу керек эле. Бул Америкадагы ири компаниялардын 80 миллиондой кызматкерине тиешелүү болмок.

Кийин ушул эле чечим президенттин жарлыгы менен бекитилген. Көз карандысыз бизнестин улуттук федерациясы бул адам укуктарын бузуу экенин жарыялап, жарлыкты жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG